Марал Радиосу

Абылгазиев: Мамлекеттик менчиктин рыноктук баасын аныктоо зарыл

Республиканын активдеринин рыноктук баасын аныктоо өтө маанилүү.  Бул тууралуу Өкмөтүн кезектеги жыйынында Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

«Биз канча имарат, курулуш, жер, унаа каражаты жана башка мүлк бар экендигин – мамлекеттик менчиктин баасын билбейбиз. Алардын рыноктук баасын аныктоо керек. Болжол менен кеп 900 млрд. сом суммасы жөнүндө болуп жатат. Менчикти баалоонун жыйынтыгы боюнча 1 триллион сом жана андан ашуун сан келип чыгат. Эң башкысы, мисалы, ири объекттердин реалдуу баасын аныктаган соң, аларга карата экономикалык механизмдерди кыйла натыйжалуу колдоно алабыз», — деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.