Марал Радиосу

1 собол: Быйыл Ташкөмүр-Аксы унаа жолу оңдолобу?

Быйылкы жылдын эсебинен Таш-Көмүр — Аксы жолунда бир катар оңдоо иштери жүрөт.

Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы Бегайым Канатбек кызынын маалыматына ылайык, ондоо иштери Таш-Көмүрдөн Ала-Букага чейинки 1-54-чакырымындагы бөлүгүн камтыйт.

Анын ичинен, 1 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Жолдун 17-21-чакырымында тегиздөө иштери жүрөт.

Мындан сырткары, жолдун 28-32-чакырымдагы бөлүгүндө калыбына келтирүү иштери жасалат.