Марал Радиосу

Бажы кызматынын жетекчиси Казакстанга жөнөп кетти

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Бажы кызматынын жетекчиси Алмаз Оңолбеков баштаган кызматкерлер Казакстандын борборуна учуп кетти. Бул тууралуу парламент жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков айтты.

Ал кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча эки өлкөнүн өкмөт башчылары да телефон аркылуу сүйлөшүшкөнүн айтты.

Эске салсак, «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 300дөн ашты.

Exit mobile version