Марал Радиосу

Украинада өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды

Украинанын борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун протоколу 100 % эсептелип чыккандан кийинки жыйынтыкты жарыялады.

30,24 % добуш алган шоумен Владимир Зеленский менен 15,95 % добуш алган өлкөнүн учурдагы президенти Петра Порошенко экинчи турга аттанды.

Ал эми «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко 13,4% добуш чогултуп, жарыштан четтеди.

Өлкөдө президенттик шайлоо 31-мартта өттү. Шайлоого катышкан талапкерлердин бири да биринчи турда жеңип чыгууга жетиштүү добуш ала алган эмес. Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелде өтөт.