Марал Радиосу

Футбол АФК Кубогу: «Дордой» алгачкы беттешин ута алган жок

Азия Футбол Конфедерация Кубогунун тайпалык баскычынын алгачкы турунда «Дордой» — «Алтын Асыр» командалары беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгышты. Бишкектик клуб менен Түркмөнстандын командаларынын беттеши кечээ баш калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.

Дордойдун тайпадагы атаандаштары «Истиклол» – «Худжант» беттешинде 3:0 эсеби катталды.

Мелдештин кийинки турунда бишкектик команда Тажикстандын «Худжанд» клубу менен беттешет. Оюн 17-апрелде Кожент шаарында өтөт.