Марал Радиосу

«Көп депутаттар УКМКнын Жеңиш Разаков боюнча маалыматына ишенген жок»

Көпчүлүк депутаттар УКМКнын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков боюнча тараткан маалыматына ишенген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Көп мамлекетте майда моралдык жоопкерчилик үчүн да кызматкерлер отставкага кетүүдө. Бул жерде Разаковдун үн катпаганы мени өкүндүрөт», — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 1-апрелде УКМК «Жеңиш Разаковдун чет элдик атайын кызматтарга тиешеси бар» делген маалыматты текшерип чыгып, ал чындыкка туура келбей турганын билдирген.

УКМК айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган башка өлкөнүн чалгындоосуна тиешеси бар делген маалымат боюнча текшерүү жүргүзүп, сотко чейинки иш ачкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу билдирүү анык эмес деген маалымат тараткан.