Марал Радиосу

«Өкмөткө тажиктердин жер сатып алуусуна тыюу салган токтом чыгаруусун айттык»

Быйыл Баткен облусундагы Аксай-Тамдык, Аксай-Рават жолунун курулушу бүтөт. Асфальт төшөлбөсө да, кара жол пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, чек ара боюнча Жогорку Кеңеште өткөн Өкмөттүк угууда депутаттар премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевге аскер кызматтарын  өлкөнүн түштүк аймагына которуу талабын койгон.

«Акыркы убакта Баткен облусунда чек ара чатагы, табият кырсыктары көп катталууда. Мындан улам Орусиянын аскер базасын Баткенге көчүрүү демилгесин колдойм. Аталган база түштүккө көчүрүлсө, айматтын инфрструктура маселеси да чечилмек. Тиешелүү органдар элдин бүтүндүгүн коргоп, өз милдетин так аткарса, чыр чыкмак эмес. Биз тажик тарап менен тең ата сүйлөшө алган жокпуз. Алар акырындык менен Кыргызстандын жерине кирип келүү маселесин колдоп жатат», — дейт Тиллаев.

Анын айтымында, учурда өлкө аймагында жашаган тажиктерде жер сатып алып, турак жайларды өздөрүнүн атына каттатуу маселеси күчөп жатат. Мындан улам эл өкүлдөрү өкмөткө чек арада жашаган тажиктердин жер сатып алуусуна тыюу салган токтом кабыл алууну сунуштады.

«Биз бакубаттуулугубузду көрсөтмөйүнчө, тажик тарап үстөмдүгүн көрсөтө берет. Ак-Сай айлындагы чырда балдар, аялдар 5 күн гимназияда жашашты. Чек арада, үйүнүн жанында ок атылып жатса… Элдин психологиялык абалын да эске алуу зарыл. Бул жагдайлардын чечилиши боюнча өкмөт тарабынан жумуштар жүрүп жатат. Депутаттар иштин аткарылышын көзөмөлдөп турабыз», — дейт Тиллаев.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы маселени бүгүн, 3-апрелде талкуулашты. Ал эми 13-мартта кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, жолдор жабылган. Эки тараптуу сүйлөшүү 5 күнгө созулуп, 18-мартта протоколго кол коюлгандан соң ачылган.