Марал Радиосу

Өзбекстан Белоруссияга унаа экспорттойт

Бүгүн, 3-апрелде GM Uzbekistan автоунаа заводу Белоруссияга автоунааларын экспорттоону баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Белоруссияга автоунаалардын Nexia R — 3 жана R — 4 маркалары жеткирилет.

Бул жылы Өзбекстан Белоруссиядан тышкары, Афганистан менен Тажикстанга да унаа экспорттогон. Ошондой эле, Өзбекстанда чыгарылган автоунаалар Казакстанга да сатыкка жиберилгенин upl.uz. сайты жазды.