Марал Радиосу

Сагынбек Абдрахманов КСДП партиясына лидер болду

Бүгүн, 3-апрелде өткөн «КСДП» партиясынын XVIII съездинде Сагынбек Абдрахмановду партиянын жетекчиси катары тандашты. Анын талапкерлигин иш-чарага катышкандар бир добуштан колдошту.

Сагынбек Абдырахманов КСДПнын лидерлигине башка татыктуу лидерлердин бар экенине токтолду.

«КСДПнын лидерлигине Асылбек Жээнбеков, Иса Өмүркулов сыяктуу менден да татыктуу азаматтар бар эле. Бирок алар: «Сен татыктуусун, сен болушун керек», — деген сөздөрүн айтышты,» -деди Абдырахманов.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидерилигине Сагынбек Абдрахмановдун талапкерлиги сунушталарын буга чейин партиянын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн координатору Жылдызбек Турганов билдирген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгындагы КСДПнын съезди 6-апрелде өтөт.