Марал Радиосу

Кыргыз-казак чек арасы: Кыргызстан ЕЭКтеги министрлерди чакыртат

Кыргызстан кошуна Казакстан менен чек арадагы кырдаалга байланыштуу кеңешүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясындагы министрлерди чакыртууну демилгелеп жатат.

Бул тууралуу ЕЭКнын сайтында айтылууда. Муну Кыргызстандын Экономика министрлиги да тастыктайт.

Министрлик 19-мартта кыргыз-казак чек арасында казак тарап эл колдонуучу товарлардын чек арадан өтүүсүнө көзөмөлдү күчөткөнүн билдирет. Ар бир унаа дыкат текшерилип, чек арадан өтүү көп убакытты талап кылып жатат.

Экономика министрлиги жүргүзгөн мониторингге ылайык, “Актилек – Автожол” көзөмөл өткөрүү пунктунда 300гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат.

«Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстан кошумча текшерүү чаралары ЕАЭБдин ченемдерин бузуу болуп саналат жана ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун иштөө принциптериндеги негиз түзүүчү товарлардын эркин жүгүртүлүүсүн чектейт деп эсептейт”, — деп айтылат билдирүүдө.