Бүгүн, 3-апрелде «КСДП Атамбаевсиз» кыймылы өткөрүп жаткан курултайдын баннеринен ката табылды. Бул тууралуу аталган жыйынга катышып жаткан «Марал» радиосунун кабарчысы Бурулай Шергазиева маалымдап, тартылган сүрөттү сайтыбызга жөнөттү.
«Баннердин орус тилинде жазылган урааны: “СДПК — на пути обновлении и преобразовании” деп турат. Туурасы: «СДПК — на пути обновления и преобразования» деп жазылышы керек эле», — дейт кабарчыбыз.
Бишкекте «КСДПга — 25 жыл» аталышындагы партиянын XVIII съезди өтүүдө.