Марал Радиосу

Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча сот 10-апрелге жылды

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук териштирүү 10-апрелге жылдырылды. Буга айыпталуучулардын бири Айбек Калиевдин адвокаты сотко келбей калгандыгы себеп болду.

Мындан улам отурумга судьялык кылуучу Инара Гилязетдинова териштирүү 10-апрелге жылдырылганын жарыялады.

Жантөрө Сатыбалдиев отурумга туугандардын жана тарапташтардын катышуусун камсыздоону соттон өтүндү.

Бул пикирди Сапар Исаков да колдоп, отурум ачык-айкын өтүп, коомчулук бардык айыптоочу жана жактоочунун далилдерин угушсун деген сөз айтты.

ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баш болгон сегиз адамга айып коюлган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо 18-февралда башталган.