Марал Радиосу

Бишкектин эск-мэрлеринин ишин кароо жылдырылды

Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум 10-апрелге жылдырылды. Бүгүнкү отурумда Албек Ибраимовдун жактоочусу ар апта сайын отурумдун жылдырылып жатышы туура эмес деген пикирин айтты.

Ал эми судья учурда башка райондо соттук отурум башталгандыктан жана жактоочулардын үчөө ал жакта экенин, бүгүнкү отурум кийинкиге калганын жүйө келтирди.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча коррупциялык ишке айыпталууда. Ошондуктан алардын иши бириктирилген. Мэрлердин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.