Марал Радиосу

Кыргыз-Түрк ар тараптуу кызматташтыгы уланат

Өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиялык кесиптеши Мевлүд Чавушоглу менен эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгы боюнча маселелерди телефон аркылуу талкуулашты.

Бул тууралуу министрликтин маалымат Департаментинен билдиришти.

Тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин жана ушул жылга пландалган иш сапарларды, ошондой эле ар тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.