Connect with us

«Бажы кызматы туура эмес саясат жүргүзүп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2019 | 523 | 0

Соода өнөр жай палатасынын транспорт комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим «Марал» радиосуна берген маегинде Бажы кызматтынын функциясы чабал болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Бажы кызматы тарифтерди «маанайына» жараша өзгөртүп, туура эмес саясат жүргүзүп жатат. Ал ички жана сырткы рынокко терс таасирин тийгизип келүүдө.

«Бажы кызматына план толтуруу милдетин коюу туура эмес. Анткени, бул саясат импортко артыкчылык берет. Бирок бизде саясат экспортко багыт алышы зарыл эле. Кыргыз-казак чек арасындагы мындай жагдайлар улана бере турган болсо, экономикалык кыйроого тушугабыз. Анда Орусия менен Казакстанга «эшигибизди жаап», башка өлкөлөр менин иш алып барууга туура келет», — дейт Маткерим.

Ал буга кошумча, Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлдөрү өлкөнүн кызыкчылыгын коргой албай жатканын белгиледи

«Бизди ЕАЭБге зордук менен киргизишти. Биримдикте биздин кызыкчылыкты коргогон кишилер иштесе болмок. Башка өлкөнүн бул биримдиктеги өкүлдөрү мамлекетинин кызыкчылыгын сүрөөгө аракет кылат», — дейт Маткерим.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM