Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал 2017-жылдагыдай чоң саясат эмес экенин билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тарап да Казакстанга өз дооматын айтып, талаптарын коюшу керек. Бирок өкмөт реакция кылбай жатат.
«Бул маселе ЕАЭБдин алкагында болгон соң, чечүү зарыл. Биримдиктин өзүнчө комиссиясы, соту бар. Өкмөт тез арада чара көрүшү керек. Бул жерде экономикалык саясат бар. Чек ара казактардын рычагы болгондуктан, алар ар кандай маселелерде «ойной» берет. Биз тең ата болуп, керек болсо ЕАЭБден чыгуу талабын коюшубуз керек. Бирок эч ким биримдиктен чыгууга барбайт. ЕАЭБдин өкүлчүлүгүнө кыргыздын таламын талышып иштеген жетекчилер барышы керек», — дейт Маматалиев.
Эл өкүлүнүн маалыматына ылайык, Казакстанда бажы тарифинин төлөмү 4%, ал эми Кыргызстан 2,5 пайыздан да түшүрүп койгон.
Казак тарап «Дордой» базарын экономикалык атаандаштык катары көрүп, аны жоюу ниетинде.
«Учурдагы кырдаал боюнча Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков, анан өкмөт жооптуу. Президент да үн катышы керек. Бажыда сөзсүз түрдө коррупция бар. Төлөмдөр көтөрүлсө, мекеме системалуу иштесе, бир топ жакшы натыйжалар болот», — дейт депутат.
Маматалиев, эл өкүлдөрү 2018-жылдын бюджетинин планын аткарбаган жетекчилерге чара көрүлөрүн айтканын эске салды. Эми май айында жылдык отчёт каралса, Алмаз Оңолбековдун тагдыры чечилерин белгиледи.