Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркияда 31-мартта өткөн жергиликтүү шайлоолорду демократиялык жол менен өттү деп баалады. Бул тууралуу trt.net.tr сайты билдирди.
«Жыйынтыктар көрсөтүп тургандай, шайлоодо «Адилеттик жана өнүгүү» партиясы 2002-жылдын 3-ноябрындагы шайлоолордон бери кайра эсептегенде, чоң айырма менен биринчи партия болуп чыктык. Албетте, жеңишке жетпей калган талапкерлерибиз да болсо керек. Бул — улутубуздун баалоосу катары абыл алынышы керек», — деди Режеп Тайып Эрдоган.
Ошондой эле, Режеп Тайып Эрдоган, жыйынтыктарынын өлкөгө, улутка, шаарларга жана аймактарга пайдалуу болушун тиледи.