Марал Радиосу

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын Б. Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:30да Өрт өчүрүү кызматынын бир бөлүмү тартылган. Саат 16:21де өрт  чектөөгө алынды. Ошондой эле учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Өрттү өчүрүү үчүн учурда 3 бөлүм иштеп жатат. Мындан сырткары Ички иштер министирлигинен жана Радио электрондук техника мекемесинен 1 бригада тартылган.

Өрт боюнча кошумча маалымат берилет.