Марал Радиосу

Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткендеги өкүлү кызматына дайындалды

Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Өкмөттүн буга чейинки ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү расмий жарыялады.

Мадумаров Акрам Камбаралиевич 1977-жылы 29-июнда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында туулган.

Жогорку билимдүү, 1999-жылы К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин, 2013-жылы Тышкы иштер министрлигине караштуу К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияcын аяктаган.

Акрам Мадумаров — КР президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациянын башчысы — аким, КР Президентинин Иш башкармалыгынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы, КР Президентинин Иш башкармалыгынын түштүк резиденциясынын директорунун орун басары, КР Президентинин иш башкармалыгынын өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти кызматтарында иштеген.

2017-жылдан жогоруда аталган кызматка келгенге чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору кызматын аркалап турган.

«Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» чини бар.