Марал Радиосу

«МЮ» төртүнчүгө көтөрүлсө, «Хаддерсфилд» АПЛден четтеди

30-мартта Англия Премьер-лигасынын 32-турундагы беттештер болуп өттү.

Анда «Манчестер Юнайтед» –»Уотфорд» беттеши 2:1 эсебинде «кызыл шайтандардын» пайдасына жыйынтыкталса, «Лестер» оюнчулары «Бортмунддун» дарбазасына 2 гол киргизип жеңишке жетти.

«Брайтон» футболдук клубу бир топту дарбазасына өткөрүп ийип, «Саутгемптонго» утулса, «Бернли» «Вулверхэмптонду», «Манчестер сити» «Фулхемди» 2:0 эсебинде утушту. Мындан сырткары, «Хаддерсфилд» 2:0 эсебинде «Кристалл Пэласка» утулуп, мөөнөтүнөн мурда мелдештен четтеди.

Бүгүн 32-турдун алкагында «Кардиф Сити» — «Челси», «Ливерпуль» — «Тоттенхем» жана «Арсенал» — «Ньюкасл» беттештери орун алат.

Учурдагы турнирдик таблицанын алдыңкы бештигинде 77 упай топтогон «Манчестер Сити» биринчи, 76 упай топтогон «Ливерпуль» экинчи, 61 упай менен «Тоттенхем» үчүнчү орунда баратат. Ошондой эле бул бештиктин катарына 60 упай менен «Манчестер Юнайтед» жана 60 упайы бар «Арсенал» клубдары кирген.