Марал Радиосу

Абылгазиев: «Бирдиктүү терезе» коррупцияны жоёт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 30-мартта Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин имаратында ишке берилген долбоордук-сметалык документацияны кабыл алуу жана комплекстүү экспертиза жүргүзүү боюнча «Бирдиктүү терезенин» иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин түрдүү экспертизалар ар кыл мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп келген жана кароо мөөнөтү 170 күндүк убакытты талап кылчу. Долбоордук документациянын комплекстүү экспертизасын киргизүү менен бардык документтер Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментине келип түшөт жана «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тиешелүү тараптарга ыкчам түрдө жиберилет. Экспертизадан өтүү мөөнөтү 30 күнгө чейин кыскарат.

Мындан тышкары, долбоордук-сметалык документациянын экспертизасы учурунда көрсөтүлгөн мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондук түргө өткөрүүнүн биринчи баскычы иштеп баштады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, «Бирдиктүү терезени» ишке киргизүүнүн максаты: жарандардын айрым маселелерин тааныш-билиш аркылуу бүтүрүүсүнө бөгөт коюу, коррупцияны жоюу жана мамлекеттик органдарга жарандардын ишенимин жогорулатуу болуп саналат.