Биз менен байланышыңыз

Надырбек Алымбеков: «Куранды көз айнек менен баштап, көз айнеги жок бүтүрдүм»

Кыргыз  ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1974), КР өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер (1993),  Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын (1995) жана башка ушул өңдүү бир катар республикалык жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты,  300гө жакын обондуу ырдын, 50 чамалуу китептин автору, Кыргыз Эл акыны (2004), котормочу Надырбек Алымбеков менен “Марал” радиосунда учурда элдин зор кызыгуусун туудуруп жаткан «Куттуу Курандын» кантип которулуп калганы тууралуу маектештик. 

— Кыргызстанда эн кеңири таралган китептеримдин бири: Хадистердин маанисинин ыр түрүндөгү которулушунан жана ыйман ырларынан түзүлгөн «Ыймандан дилим тазарат» атуу жыйнагымдын бешинчи басылышы жарык көрүү алдында турат. Эң алгачкы котормону ушул хадистерден баштагам.

Өткөн жылы «Куттуу Курандын» маанисинин ыр түрүндөгү котормосун төртүнчү жолу басып чыгардым. Китепти которууга төрт жылга жакын убакыт сарптадым. Албетте, Курандын маанисин ырга салыш деле оңой-олтоң иш эмес. Айтайын дегеним, кээде эки-үч күн катар ыр жазсам, тажап калем алгым келбей калчу. А «Куттуу Куранды» күнүнө канча саат отурсам да эч жадабай, кайда болбоюн жаныма кошо ала жүрүп жаздым. Таң калганым, китепти баштаганга чейин көз айнек кийип жүрчү элем. Бара-бара көз айнеги жок жазып калыпмын. Ыйык китебин которгонум үчүн Жараткан мага бир керемет тартуулады көрүнөт.

Албетте, китеп чыккандан кийин бир топ өйдө-төмөн сөздөр айтылып, көралбастыктар болду. Ал тургай, муфтиятка чейин барышып, «Бул киши ыймандан четтеди, Куранды ыр түрүнө салуу шайтанга эргешүү. Андыктан, тыюу салып коюңуз», — дешип, чуу чыгарышты айрымдары.

Ошондой күндөрдө ажылык сапарга аттанып, ал жактан өтө илимдүү делген шейхтеринин биринен ушул багытта собол сурадым. Ал адам: «Кандай которот, кантип которот, ал котормочунун өзүнөн. Башкысы, элге маанисин бузбай жеткирүү. Анан да, Куранды жөн салды эле адам которо бербейт, аны Кудай сүйгөн адам гана которот», — деген жообун айтып, белек-бечкегин берип узатты. Ошондон кийин көңүлүм тынчып, китепти коркпой-үркпөй сатыкка чыгара баштадым.

2 пикир

2 пикир

  1. Мамасалиева Алима Сакыновна

    08.09.2019 02:39

    Саламатсызбы? Сиз да ыйманы таза, кудайым колдогон инсансыз. Кайсы темада болбосун уккулуктуу, таасирдуу маныздуу ангеме куруп бере аласыз. Кудайым узун омур берип уй булонуз менен аман болунуз.Таластык тайакем Амандын кызы сиздин жубайыныз, абдан таанышкым келип журду эле, турмуш шарт ойлогондой болбоду, кайда болбойлу аман бололу. Сиздерге саламым менен Токтогулдук Жаныл эженердин Сакын жезденердин кызы Алима

    • Нарбек

      22.09.2019 14:33

      Орден кут болсун чон ата

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM