Марал Радиосу

Ош-Бишкек унаа жолу убактылуу жабылат

Аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Ош-Бишкек унаа жолуна кар көчкү түшүү коркунучу пайда  болгондуктан, «Сосновка» жана  «Арал» унаа өткөрмө бекеттери бүгүн, 29-март саат 22:00дөн тартып, эртең, 30-март 10:00 гө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.