Марал Радиосу

Кыргызстан ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 95-позициясын сактап калат

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 95-позициясын сактап калат. Бул туурасында football-rankings.info маалымат порталы кабарлады.

Жаңыланган рейтинг жолдоштук беттештер жана «Евро — 2020» турниринин тандоо турунун алкагындагы оюндардын жыйынтыгы боюнча чыгарылат.

Кыргызстан отчеттук мезгилде беттеш өткөргөн эмес.

Ошондой эле улуттук курама АФК рейтингинде 14-катарын сактайт.