Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: Бишкекте катуу шамал жүрөт

Чүй облусунда жана Бишкекте жакынкы 3 саатта жана кечинде катуу шамалдын жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына  15-20 метрге жетиши мүмкүн. Шаар мэриясы унааларды эси дарактардын түбүнө токтотпоону өтүнөт.