Марал Радиосу

Көпүрөнүн алдынан 12 автоунаанын номери табылды

Катуу жааган жамгырдан улам суу толуп калган Бишкек шаарынын Жаш гвардия бульвары менен Лев Тольстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн алдынан 12 автоунаанын мамлекеттик номери табылды. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасы кабарлады.

«Автоунаанын номерлери тазаланып, кургатылды. Алардын алтоону унаа ээлери алып кетишти, калган унаалардын номерлерин да алып кетүүсүн күтүп жатабыз»,- деп жазышты аталган ишкана маалымат булактарына.

Эске салсак, кечээ, 28-мартта кечки саат 6дан кийинки катуу жааган жамгырдан улам аталган аймактагы көпүрөнүн алдына суу толуп, автоунааларга түйшүк жараткан. «Тазалык» ишканасы жолго толуп калган сууну бир нече саатта тазалап бүтүрүшкөн.