Марал Радиосу

Бангладеште өрттөн 25 киши каза болду

Бангладештин борбору Дакка шаарында 19 кабаттуу үйдөн чыккан өрт 25 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү dhaka tribune гезити жазып чыкты.

Дакканын бизнес-кварталындагы 19 кабаттуу үйдөн чыккан өрт кырсыгынан 19 киши жеринде жан берген. Ал эми 6 адам ооруканада каза болгон. Дагы 70 киши жапа чегип, ооруканага жаткырылган.

Кырсыктын келип чыгышы боюнча териштирүү иштери башталды. Бангладеш бийлиги имаратта өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбаганы кырсыкка себеп болушу мүмкүн деген алдын ала тыянакты айтышууда.