Марал Радиосу

Москвадагы кыргыздар Баткендин чек арада жашаган тургундарына жардам берди

Москвадагы Кыргыз коому Баткендин чек арада жашаган тургундарына жардам берди. Бул тууралуу жарандык активист Мырза Добутов «Маралга» билдирди.

Толкунбай Акматов жетектеген «KG — Рус» коомдук уюмунун жардамы Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу чек арадагы Таш-Тумшук айылынын тургундары үчүн топтолгон.

Аталган жардам Мырза Добутов башында турган коомдук активисттер тарабынан бүгүн жерине жеткирилип, айылдык Кеңештин депутаты Бакытбек Балтабаевге өткөрүлүп берилди.