Марал Радиосу

Кой багып байыган фермер

Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну Пахридин Ботобеков 7 жылдан бери мал чарбачылыгы — анын ичинде айрыкча, кой багуу менен алектенип келет. Башталышта 100 кой болсо, учурда 900 кою бар. Акыркы жылдарда фермер сандан сапатка өтүү максатында Тажикстандан алынып келген гиссар койлорду багууга өткөн. Бул койдун артыкчылыгы эттүү келип, салмакты көп басат. Демек, кыргыз коюнан кымбатыраак.

— 900гө жакын коюм бар. Гиссар койду атайын Дүйшөмбүдөн алып келем. Учурда кочкорлорду авган кою менен аргындаштырып жатам. Мен өзү кичинемден мал чарбачылыгына кызыгам. Гиссар койдун бийиктиги 1.8 — 2 метрдей келип, кыргыз койдон айырмаланып турат. Ошондуктан, базарга алып чыксаң кымбат кетет. Мисалы, кыргыз койдун козусу 3 миң сомдон сатылса, мен ошондой козуну 7 миң сомго чейин сатам.

Каарманыбыздын чарбасында гиссар койдон тышкары, асыл тукум жылкылар да бар. Фермер жылкыларга кам көрүү жана аны таптоонун сырларын уулдарына да үйрөтүп келет.

Пахридин Ботобеков жылына миллион сомдой киреше табат. Тапкан кирешесин үй-бүлөсүн каржылагандан тышкары, ар кандай кайрымдуулук иштерине да жумшайт.  Маектин жүрүшүндө фермер малдын тоютун да өзүбүз камдайбыз деди.

— Өзүмдүн 20-30 гектар жерим бар. Малдын тоютун ошол жерден алабыз. Малдын төлү жакшы болуш үчүн, тоюту да жакшы болушу керек. 

Адистердин айтымында, өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги булагы — айыл чарба тармагы. Демек, өлкөнү азык-түлүк, эт-сүт менен камсыздап турган дыйкан-малчылардын эмгеги ар дайым эске алынууга тийиш.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында мамлекеттик аттестациядан өткөн 17 асыл тукум фермердик чарба бар.

Exit mobile version