Connect with us

Түштүк Корея Монголияга кайтарымсыз 300 млн доллар берет

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 642 | 0

Монголия менен Түштүк Корея жылуулук электростанцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашты. Курулуш иштерине Корея кайтарымсыз 300 миллион доллар бөлөт. Ошондой эле Монголияда “Солонго-1” жана “Солонго-2” турак-жай комплекстерин курууга 500 млн доллар насыя түрүндө акча каражаты бөлүнө турганын ARD билдирди.

2020-жылы Монголия менен Кореянын дипломатиялык кызматашуусуна 30 жыл толот, мына ошого байланыштуу эки өлкө ортосунда визасыз режимди киргизүү да каралмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM