Марал Радиосу

Путин Бишкекке бүгүн кечинде учуп келет

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн кечинде Бишкекке учуп келет.  Бул тууралуу Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымдаганын «РИА Новости» агенттиги билдирди.

Эртең 28-мартта Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон биринчи мамлекеттик визити башталат.