Марал Радиосу

Жогорку Кеңештеги айым депутаттардын форуму эми Кара-Суу шаарында

29-мартта Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын Форумунун демилгеси менен Кара-Суу шаарында атайын жолугушуу уюштурулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарада Кыргызстанда 2019-жылы ратификацияланган Бириккен Улуттар Уюмунун «Мүмкүнчүлүгү чектелеген адамдардын укуктары боюнча конвенциясынын» алкагында мамлекеттин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүсүнө тийгизген таасири талкууланат.

Мындан сырткары «Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квота» маселеси да каралат.