Марал Радиосу

ТИМ: АКШнын баяндамасында объективдүү маалыматтар айтылбай калган

Бүгүн Тышкы иштер министрлиги АКШнын мамлекеттик департаментинин «Дүйнөдөгү адам укуктары боюнча» баяндамасына кыргыз бийлиги өз пикирин билдиргени тууралуу маалымат таратты.

«Баяндамада көрсөтүлгөн көйгөйлөр ар кандай өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын маалыматтары. “Кыргыздын айрым экс-чиновниктерин саясий куугунтукка алып, четинен камап атат”, — деген натуура аныктамага жол берилбеши керек. Анткени, аларга жемкорлук боюнча конкреттүү айыптоолор коюлган жана сот процесси али бүтө элек. Бул факт коомчулук тарабынан соттук процесске таасир көрсөтүү аракети, башкача айтканда, ички иштерге кийлигишүү катары кабыл алынат. Ошону менен бирге, КРнын министрликтери жана ведомстволору тарабынан берилүүчү объективдүү жетишкендиктерди жана фактыларды эске алуу менен жарыялана турган маалыматты кайталап текшерүүнү көптөн-көп өтүнөбүз», — делинет министрлик тараткан билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ 26-мартта АКШнын элчиси Дональд Лу Тышкы иштер министрлигине жолугушууга чакыртылып, АКШнын мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча жакында жасалган баяндамасы талкууланган.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси: «АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнүн баяндамасын даярдоодо ар кандай өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматтарын жетекчиликке алат жана бул республикада болуп жаткан иштердин чыныгы абалын дайыма эле чагылдыра бербейт» — деди.

Ошондой эле, бул жолугушууда Кыргыз Республикасында мурунку жылдарга салыштырмалуу 2018-жылы оң тарапка олуттуу өзгөрүүлөр болгондугу баяндамада баса белгиленгени да эске алынды.