Марал Радиосу

Мамлекеттик карызды төлөө үчүн бир айда 1,9 млрд сом сарпталган

Ушул жылдын январь айында Каржы министрлиги мамлекеттик карызды төлөө үчүн 1,9 млрд сом, башкача айтканда, 27,2 млн доллар сарптаган.

Мунун 1 млрд 302 млн сому ички карыздарга сарпталса, тышкы карыздар үчүн 598.4 млн сом төлөнгөн.

Эске салсак, өткөн жылдын январь айында Каржы министрлиги ички-тышкы карыздар үчүн 1 млрд 481 млн сом бөлгөн. Анын 1 млрд сомдон ашыгы тышкы карызга, 475 млн сомун  ички карыздарга жумшалган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы мамлекеттик карыздарды жабууга 23 млрд 747 млн сом корогон.