Марал Радиосу

Тургумбеков бокстогу алтынчы жеңишин камсыздады (видео)

23-мартта Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн RCC Boxing Promotions уюмунун кезектеги бокс кечесинде кыргызстандык боксчу Эржан Тургумбеков профессионалдык карьерасындагы алтынчы жеңишин камсыздады. Тургумбеков 59 килограммга чейинки салмактык категорияда орусиялык мушкер Александр Куимчиди менен рингге чыгып, калыстардын чечиминин негизинде жеңишке жетишти.

Эске салсак, боксчу Тургумбеков алты жолу катары менен жеңишке жетип отурат.