Марал Радиосу

27-мартта Кыргызстан-Орусия ректорлорунун I форуму башталат

Эртең, 27-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунну I форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Орусиядан 40тан ашык ректордун келери күтүлүүдө. Иш-чара 2 күнгө созулуп, расмий бөлүгүнө президент Сооронбай Жээнбековдун катышары күтүлүүдө. Форумда тараптар кадрларды даярдоо, кыска мөөнөттүү алмашып окутуу маселелери талкууланмакчы. Соңунда резолюция кабыл алынып, кийинки форумдун убактысы белгиленет.