Марал Радиосу

Калкты тейлөө борборлорунун иши жанданды

Өлкөдө калкты тейлөө борборлорунун иши түшкө жуук жанданды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Элзат Кыдырмышева билдирди.

Бүгүн, 25-мартта эртең менен оптикалык чубалгыларынын үзүлгөнүнүн себебинен Тейлөө борборлорунун иши үзүгүлтүккө учураган болчу.

Аталган борборлордун системасы жана интернет байланыш калыбына келтирилип, элди толук кандуу тейлөө уланууда.