Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» ачылышына Түркиянын кайсы лидерлери катышкан? (фото)

Блог | 15 Июл 2019 | 11608 | 2

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Алгач лицейлер Каракол, Бишкек жана Ош шаарларында ачылган. «Сапаттын» мекемелерин ачуу аземине Түркиянын ошол кездеги президенти Тургут Өзал, өкмөт башчысы Месут Йылмаз жана башкалар катышкан.

Оңдон солго карай, КРдин мурдагы өкмөт башчысы Кубанычбек Жумалиев, Түркиянын экс-премьер-министри Месут Йылмаз, КРдин Тышкы иштер министри Мурат Иманалиев.

Ал эми Түркиянын экс-президенти Абдулла Гүл 2009-жылы «Ала-Тоо» университетинин кошумча имаратын ачуу аземине келип, окуу жай менен таанышып чыккан.

Түкиянын экс-президенти Абдулла Гүл 


 

 

 

 

Абдулла Гүл университеттин ачылышы боюнча буларды айткан:

 «Кыргызстанга болгон расмий сапардын алкагында кыргыз-түрк боордоштугунун символу болгон ­­»Ататүрк — Алатоо» университетине  келгеним үчүн кубанычтамын.  

«Келечекте кыргыз элинин илимий жана мамлекеттик кызматкерлерин даярдоого чоң салымын кошоруна ишенүү менен бирге, бул окуу жайдын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалайм».  (АБДУЛЛА ГҮЛ)

 

Түркиянын мурдагы Тышкы иштер министри Али Бабажан. 2008-жыл.

Түркиянын мурдагы Тышкы иштер министри Али Бабажан «Ала Тоо» университетине жасаган сапары тууралуу төмөнкүлөргө токтолгон:

Расмий сапардын арты менен Бишкектеги «Ата-Түрк – Алатоо» университетиндебиз.

Бул окуу жайдын түптөлүп, ушундай абалга келишине салым кошкондордун баарына рахмат айтам.

Бүткүл Кыргызстан тарабынан бааланып, билимдүү жаштарды окуткан, аларды турмушка даярдаган бул университет Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана боордоштуктун белгиси.

Студенттерге ийгилик каалап, мугалимдерге ыраазычылык айтабыз». (АЛИ БАБАЖАН)

Түркия парламентинин төрагасы Көксал Топтан «Ала Тоо» университетинде. 2008-жыл.

Мындан сырткары, Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоган Оштогу лицейдин ачылышына катышкан.

Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоган

Режеп Тайип Эрдоган лицейдин ачышышы тууралуу төмөнкүлөрдү жазган.

 

«20.10.1997. Истамбул менен Ош шаарынын боордоштук протоколуна кол койгон күн. Анын арты менен «Ош кыргыз-түрк компьтердик лицейин» ачтык. (Лицейдин ачылуусуна) мээнет кылган бардык боордошторумду куттуктайм. Ийгиликтер арта берүүсүн Аллахтан тилейм»

1997-жылы Режеп Тайып Эрдоган Истамбул шаардык бийлигинин төрага кызматын аркалап турган.

 

Түркиянын экс-премьер-министри Тансу Чиллер. 1995-жыл

Айта кетсек, учурда «Сапаттын» курамында 16 лицей, эл аралык «Алатоо» университети, эл аралык “Силк Роад” мектеби, 4 толук эмес орто билим берүү мектеби бар.

Бүгүнкү күндө бул мекемелерде 10 426 окуучу жана студент билим алууда.

2 пикир

2 пикир

  1. Атуул

    01.04.2019 22:46

    Ачылганда чогу болуп коз караш туура келбей калганда дароо………….бул эки жуздуулук

    • жаран

      02.04.2019 14:54

      ошол эрдоган эки жүздүү да…

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM