Марал Радиосу

Болжурова: “Сапат” лицейлери кыргыз балдарынын багын ачты

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери ишмердүүлүгүн улантып келет. Алгач лицейлер Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында ачылган. Учурда мекеменин филиалдары бардык облустарда жайгашып, Кыргызстандагы бирден бир комплекстүү билим берүүчү мекеме болуп саналат. Мурдагы Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова «Сапат» лицейлери тууралуу айткан ойлорун сиздерге сунуш кылабыз.

«Сапат» кыргыз балдарынын багын ачты

“Сапат” лицейлери ачылган мезгил дагы деле көз алдымда турат. Ал убакта Түркиянын президенти Тургут Озал, өкмөт башчысы Абдуллах Гүл келип, лицейлерге аябай чоң баа беришкен. Менин оюмча, “Сапат” лицейлери кыргыз балдарынын багын ачты. Анткени илгертен бери, СССР доорунда да, айыл менен шаардын мектептеринин, кыргыз жана орус мектептеринин ортосунда чоң айырмачылыктар бар болчу. Азыр карап көрсөңөр, так илимдер боюнча эл аралык олимпиадаларда Кыргызстандын желегин желбиреткендер “Сапат” билим берүү мекемелеринин окуучулары болуп жатат. Тилекке каршы, алардын арасында башка мектептерибиз жок. Ошондуктан кыргыз балдарынын талантын ачкан, аларга жакшы билим берген бул – “Сапаттын” лицейлери болууда.  Албетте, башка мектептер ачылылып жатат. Бирок алар материалдык, маалыматтык-технологиялык база жагынан бираз аксаганы көрүнүүдө.

Ата-эне менен мугалим тыгыз иштешет

Окуучуларга креативдүү билим берилиши керек. “Сапат” бул жагынан башка мектептерден айырмаланат. Анткени окуучуларга фундаменталдуу билим берилгендиктен алар көптөгөн долбоорлорду жазышат. Мындан сырткары бир топ конкурстарга катышат. Кадимки мектептерде ата-энелер чейрек бүткөндө гана “балам кандай окуду” деп сурайт. Ал эми “Сапатта” ата-энелер баласы кандай окуп жатканын текшерип, жетишкендиктери тууралуу каалаган убакта биле алат. Мугалим менен ата-эне окуучунун кемчиликтерин чогуу анализдеп, аны чечүүнүн жолун издейт. Тилекке каршы, мамлекеттик мектептерде мындай көрүнүш аз кездешет.

“Сапаттын” дагы башка өзгөчөлүгү — лицейлерде ар бир балага өзүнчө мамиле жасалат. Окуучулардын индивидуалдык талантын өстүрүү аларга жардам берет. “Жөн отур” дебей, “сенин мындай жетишкендиктериң бар” деп мотивация берет. Мындайда окуучуда өзүнө болгон ишеним жаралат. “Сапат” баланын талантын өчүрбөй, ага “от коюп” берүүдө.

Мугалимдерди ротациялаганы — жакшы нерсе

“Сапат” билим берүү мекемеси мугалимдердин методикасын, балдарга жасаган мамилесин, окутуучулук сапаттарын карап чыгат. Мугалимдер өзүн шыктандырып, билим деңгээлин көтөрүүсүнө эң жакшы шарттар түзүлгөн. Аларды ротация кылуу — жакшы нерсе. Анткени мугалимдер улам алмашып, тажрыйбасын башкалар менен бөлүшөт. Мен көп жылдан бери айтып жүрөм. Ар бир облуста “Сапаттын” лицейлери бар. Лицейлердин мугалимдери жок дегенде эс алуу убагында мектептеги окутуучулардын адистигин көтөрүү боюнча семинарларды өткөрүп турушса жакшы болмок. Бул жагынан “Сапат” аракет кылып жатат. Мисалы, мен билгенден Ысык-Көлдөгү лицейде мектептердин мугалимдерин чогултуп, математика сабагынан семинар өтүп жатышат. Бирок муну системалуу кароо зарыл. Тагыраагы, буга “Сапат” гана жооп бербестен, Билим берүү министрлиги, Адистикти көтөрүү институту биргеликте ар бир облуста жок дегенде эс алуу убагында мугалимдерди чогултуп, жаңы ыкмалар, технологиялар, балдарга болгон мамиле боюнча семинарларды уюштурса болмок. Анткени азыр балдар такыр башкача. Ошого жараша билим системабыз дагы “Сапатка” окшоп балдардын талантын өстүрүшү керек.

Бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанды өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатышат

Өлкөдө 2 миңден ашык мамлекеттик мектептер бар. Эл аралык эмес, республикалык олимпиадаларды эле алсак, “Сапаттын” окууучулары математика, физика, химия, англис тили болобу, ар дайым биринчи орунду багындырышат. Лицейлер мектептерге салыштырмалуу аз санда, ага карабастан сынактарда байгелүү орундарды “Сапаттын” окуучулары алып жатат. Бул “Сапаттын” мыкты билим бергенине дагы бир мисал. Окуучулар эл аралык олимпиадаларга катышып, башка жаштарга үлгү болууда. Мындан сырткары, лицейлердин дагы бир өзгөчөлүгү фундаменталдуу предметтерди англис тилинде окуткандыгында. “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик баары билимин жогорку окуу жайдан улантышат. Болгондо да Америка, Европа өлкөлөрүнө барып, кыргыздын атын көтөрүп жатышат. Учурда чет өлкөдөн билим алып, эл аралык коомго кирген дарыгерлерди көрүп жатам. Алар да — “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү. Кыргызстанды өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп, түрдүү долбоорлорду жазып жатышат. Бул аракеттер чын дилден жасалууда.

«Сапаттан» окугандар мекенчил болушат

Кыргызстан экономикалык жактан чабал абалда калганда мектептерде тарбия маселеси жакшы каралбай калды. Бирок “Сапат” окуучуларды мекенчил болууга үндөп өстүрүштү. Бул — абдан жакшы нерсе. Анткени мен канча бүтүрүүчүлөр менен сүйлөшпөйүн, алар Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жолун издешет. Бүтүрүүчүлөр бири-бирине, лицейлерге жардам берип, кайрымдуулук иштерин жасап турушат. Алардын кайрымдуулук сезими күчтүү. Жакшы окуган окуучуларды эл аралык олимпиадаларга жиберүү үчүн каражат чогултушарын да билем. Бир бүтүрүүчүдөн бул силерге оор эмеспи деп сурасам, “Эмнеге оорчулук болмок? Лицейге өтүп калганым – менин бактым. Эгер бул жерде окубасам, Ош базарында араба сүйрөгөн бала болмокмун. Бактыма жараша лицейге өтүп, бир топ тилдерди үйрөндүм. Технологияны жакшы өздөштүргөм. Азыр жакшы акча табам, ата-энеме жардам берем. Албетте, лицейлерге ыраазычылыгымды билдирип, каражат берип турам”, — деген.  Менин балдарым да, туугандарым да лицейлерде окуган жок. Аны да айта кетейин. Мен Билим министри болуп турганда “Сапатта” окуучулар күн сайын эртең менен Кыргызстандын гимнин ырдашчу. Ушинтип жаш кезинен тарта тарбияланган, билимин мекенге арнаган бул балдар — патриоттор.

Exit mobile version