“Кыргызгидромет” борборунун маалыматы боюнча бүгүн, 24-мартта өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7,….күндүз +11…+16,
Талас облусунда түнкүсүн -1…+6….. күндүз +11…+16,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8,…. күндүз +13…+18,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5,…. күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +9…+14.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр секунд. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +14…+16 .