Марал Радиосу

Азия биринчилигинин тандоо: Биринчи беттеште Кыргызстан утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигинин тандоо турундагы биринчи беттешинде Сирияга утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан маалымдашты.

Ага ылайык, беттеште Кыргызстан 0:2 эсебинде жеңилип калган.

Эске салсак, 22-26-мартта Кыргызстан Азия биринчилигинин финалдык баскычына өтүш үчүн Сирия, Иордания жана Кувейттин командаларына каршы оюн өткөрөт.

24-март күнү Кыргызстан Иорданиянын командасы менен ойносо, 26-мартта Кувейт менен беттешет.