Марал Радиосу

Ошто дин кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

Бүгүн, 23-мартта Ошто Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү кызматкерлер ишембиликке чыгып, шаардагы 3 көчөгө көчөт тигишти. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз билдирди.

Маалыматка ылайык, ишембиликте мечиттердин, диний окуу жайлардын айланасы тазаланып, таштандылар чыгарылды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү бардык кызматкерлер массалык түрдө ишембилик өткөрүп жатат.