Марал Радиосу

Уулуу заттарды колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков “925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргызстандын кошулуусу тууралуу” мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзамга ылайык Тышкы иштер министрлиги Женева протоколуна Кыргызстандын жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Франциянын өкмөтүнө депонирлөөгө тийиш.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 13-февралында кабыл алынган. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.