Марал Радиосу

Ирак: Кеме кырсыгынын курмандыктары 93кө жетти (видео)

Тигр дарыясында кеме аңтарылып, 93 адам каза тапты. Бул тууралуу Al Arabiya телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9 киши кырсыкка шектелип кармалды.

Ирактын өкмөт башчысы Адиль Абдул-Махди окуя боюнча дароо иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кеменин кулап кетишине ашыкча жүк себеп болгон. Тагыраагы жүк нормадан 3 эсе көп жүктөлгөн.

Кемеде 250гө жакын жүргүнчү болгону айтылууда. Кырсыкка кабылгандардын көпчүлүгү балдар.