Марал Радиосу

Бүгүн Бишкекте кытайлык кыргыздар өз өнөрлөрүн тартуулашат

Бүгүн, 23-мартта Кытайдын Синьцзян Уйгур автоном районунун чыгармачылык делегациясы Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, кытайлык кыргыздар 24-март күнү кыргыз искусствосунун чеберлери жана маданият кызматкерлеринин өкүлдөрү менен жолугушат.

Белгилей кетсек, аталган делегация 20-март күнү Кыргызстанга президенттин атайын чакыруусу менен учуп келген. Жалпы 32 адамдан турган делегациянын курамында манасчылар, ырчылар жана бийчилер бар.