Марал Радиосу

Бүгүн өлкөнүн дин кызматкерлери ишембиликке чыгышат

Бүгүн, 23-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү бардык кызматкерлер массалык түрдө ишембиликке чыгышыт Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Ага ылайык, ишембиликте өздөрүнүн аймагындагы мечиттердин, диний окуу жайлардын айланасын тазалашып, таштандыларды чыгарышмакчы.

Ошондой эле карыялар, жетимдер үйүн жана кароосуз калган үй-бүлөлөргө тазалоо, актоо, көчөт отургузуу иштеринде жардам беришет.