Марал Радиосу

Бүгүн «Camel Fest» этнофестивалынын жабылышы өтөт

Бүгүн, 23-мартта «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылышы өтөт. Иш-чарага премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, премьер-министрдин Сауд Аравия жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулары күтүлүп жатат.

Белгилей кетсек,  «Camel Fest» алкагында «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалы өтүп, ага Кыргызстандын миңден ашуун өкүлү катышты.