Марал Радиосу

АЖАЛДАН МУРУН КЕЛГЕН ӨЛҮМ

— Чачымды кырып салышты…

— …

— Операцияга кирем…

— Коркуп атасыӊбы?

— Баштагыдай 50 жылдык план жок эми. Биз буларды кинолордо эле көрчүбүз го… Көрсө, экөөбүздүн жаныбызда эле жүрүптүр да. Ошол кино каарманы.

— Андай дебе… Жеӊесиӊ!

— …

— …

Жаман илдетти алгач билген күндөн бери маектин нугу такыр башка жакка ушинтип өзгөрүп кетти. Биз адатта дымактуу элек, шарт-шурт, чарт-чурт элек.

Ооба, мен чачы кырылып, башы жумурткадай жылтыраган, өӊү оӊгон чүпүрөктөй кубарган алсыз кишилерди кинолордон көрчүмүн. Бүгүн мен ошол кино каарманынын эӊ жакын курбусумун. Кыргыздар аябай сүрүштүргөн, тагдыр чечип ийчүдөй такып сураган кызыкчылыктын чегинде айтсам, ал түштүктүн, мен түндүктүн кызымын. Бирок бизди студенттик жылдар дос кылды, студенттик жылдар бир тууган кылды. Жүрөк дегениӊ бир болсо, жериӊ тургай улутуӊдун ким экени мааниге ээ эместир…

Азыр мени өз жакыны онкологиялык оору менен жабыркагандар жакшы түшүнүшү мүмкүн. Мен жакын курбумдун рак илдети менен күрөшкөн абалын дайыма көрүп турам. Ал аркылуу ушул тармактын абалын түшүндүм, атаӊгөрү, түшүнбөй койсом гана. Ал көз алдымда 3-топтогу майыптык документин окуп олтурат. Мен анын маӊдайында ага билдирбей ичимен ыйлап, компьютериме жашынып алып ушул нерсени жазып атам. Андан каканактап толуп калган көзүмдү ала качып, бакырып ийгим келген абалымды жутуп, аны караган кезде жүзүмө зордоп жылмаю алып келем да, «КӨРӨСҮⱧ, БААРЫ ЖАКШЫ БОЛОТ!» дейм анан. Ошол сөзүмө өзүм ишенем албетте. Ишенгим келет!

Өткөн айларда Кыргызстандын онкологиясына барып, кайрадан абалы оорлошуп, жашоодон үмүтү үзүлүп келди. – Мага өлө турган кишиге кылгандай мамиле кылышты,- деди да ыйлады. Мен андан аркысын сурабадым. Анын айтууга дарманы жок эле. Мен анын бир сөзүнөн ак халатчан «эменин» кесиптик ишин билгени менен өзүн адам катары жетиштире албаган бир бечара экенин түшүндүм. Ал ошол мамиледен кийин акчасы аз болгонуна карабай нур терапиясын алуу үчүн Казакстанга кетти…

Билесизби, бул жашоодо кесиптин мыктысы болуу керектир. Бирок жөн жай оозунан жакшы сөз чыккан, адамдарга үмүт берген адам болуу зарылдык. Өзгөчө ак халатчандар үчүн. Өзгөчө өлүм менен күрөшүп, жанын оозуна тиштеп турган рак оорулууларын дарылагандар үчүн деп билем мен.

Мен курбумдун оорусунан ушуну гана түшүндүм. Кырсык, балее анан аты жаман илдеттин баарынын алдында биз алсызбыз. Адам өз алдынча бир микробду жеӊе албайт. Мага оору келбейт деп да кепилдик кыла албайт. Анан, албетте, жашоодо адамдын өмүрүн жылуу сөз, жылуу мамиле узартат…

Менин курбума окшогондорду, АЖАЛДАН мурун өлтүрбөгүлө, урматтуу ак халатчандар!

 

Журналист, Жазгүл Жамангулова

Exit mobile version