Марал Радиосу

Total компаниясы Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууга даяр

Франциянын Total компаниясы Кыргызстанга чакан ГЭСтерди жана күндөн, шамалдан энергия алуучу электростанцияларды курууга даяр. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча агентигинин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу билдирди.

Франциянын делегациясы менен Кыргызстандын делегациясы 20-мартта жолугушуп, анда Кыргызстандагы энергия секторундагы мүмкүнчүлүктөр жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, энергия булактарын жаңылоо боюнча сүйлөшүштү.