Марал Радиосу

Коомдук ишмер, журналист Бабырбек Жээнбеков каза болду

Коомдук ишмер, журналист Бабырбек Жээнбеков узакка созулган оорудан соң 68 жаш курагында дүйнө салды. Мындай кабарды маркумдун кесиптештери билдирди.

Бабырбек Жээнбеков 1951-жылы Талас областынын Киров районунда туулган. Эмгек жолунда райондогу пионервожатый кесибинен тарта, Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору кызматын аркалаган.

Бабырбек Жээнбеков журналист катары бир нече гезиттерди негиздеген.

2013-жылы кыргыз Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору болгон.